КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев эт жарым фабрикаттарын чыгаруучу ишканага барды. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.
“Атаман” компаниясы ата мекендик чийки заттан жасалган экологиялык жактан таза продукциянын 20дан ашык түрүн сунуштайт.
Учурда компания экспорттук багыттарды активдүү иштеп чыгууда, бул Кыргызстандын продукциясын эл аралык аренада таанытууга салым кошууда.
Ишкана өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп тим болбостон, 350дөн ашык кызматкерди иш менен камсыз кылууда. Ишкананын кызматкерлерине социалдык пакеттер берилип, бул алардын бакубаттуулугун жогорулатып, үй-бүлөсүнүн туруктуулугуна өбөлгө түзөт.
Компаниянын жетекчиси Мавлюда Осмонова белгилегендей, компаниянын жакынкы пландары эл аралык рынокко кеңири масштабдуу чыгууну камтыйт. Өз кезегинде Темир Сариев адистештирилген көргөзмөлөргө катышуунун маанилүүлүгүн белгилеп, чет элдик компаниялар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Мавлюда Осмонова жана анын балдарынын жетекчилиги менен дагы бир нече ишканалар ачылган. Анын ичинде кийим-кече, жарым фабрикаттарын өндүрүү жана пенопласт чыгаруу. Акыркы ишкана Борбор Азиядагы пенопласттын алдыңкы өндүрүүчүсү болуп саналат жана курулуш тармагында суроо-талапка ээ болгон керамзиттин заманбап альтернативасын сунуштайт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
