КР СӨПтүн президиуму чет өлкөдөгү жаңы өкүлдөрүн бекитти
КРнын Соода- өнөр жай палатасынын президиумунун кезектеги жыйыны болду, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, текстиль, фармацевтиканын, туризмдин жана экономиканын башка тармактарынын өкүлдөрү болгон 30дан ашык жаңы мүчө кабыл алынды.
Чет өлкөдө жаңы өкүлдөр бекитилди:
• Аалам Алиев – Шэньси провинциясы (КЭР),
• Азамат Исмаилов – Шаньдун, Хубэй, Гонконг (КЭР),
• Зафер Мамедов – Азербайжан.
Текстиль өнөр жай комитетинин төрагасы дайындалды. Азамат Алымкулов ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана инвестиция тартуу менен алектенет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
