КР ТИМ башчысы Франциянын элчисин кабыл алды - ИА Караван Инфо
КР ТИМ башчысы Франциянын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогду мындан ары кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, анын ичинде туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле эки өлкөнүн маданий-гуманитардык багыттагы өз ара аракеттешүү маселелерине да көңүл бурулду.

Элчи өз кезегинде Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтып, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана маданий алмашууну кеңейтүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: