КР ТИМ башчысынын орун басары Кытайдын элчиси менен жолугушту - ИА Караван Инфо
КР ТИМ башчысынын орун басары Кытайдын элчиси менен жолугушту

КР тшкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев 11-ноябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу өткөрүлдү.

Мындан тышкары, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле БУУнун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. 

Өз кезегинде, кытай тарап 2024-2025-жылдары ШКУга Кытай Эл Республикасынын төрагалыгынын жүрүшүндө пландаштырган көп тараптуу иш-чаралар жөнүндө маалымдады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: