Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргызстандагы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жаңы дайындалган директору Сара Верт менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Молдогазиев Сара Верт айымды USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Ал ошондой эле, USAIDдин Кыргыз Республикасындагы негизги тармактарды өнүктүрүүдөгү маанилүү салымын белгилеп, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба, билим берүү жана креативдүү экономика багыттарындагы программаларды колдоону өзгөчө баалады.
Сара Верт өз кезегинде Кыргызстандын өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана экономикалык гүлдөп-өсүшү үчүн тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.
Министрдин орун басары USAIDдин Кыргызстандагы миссиясынын директору Сара Вертке кесиптик ийгиликтерди каалап, анын ушул кызматтагы ишмердүүлүк мезгилинде республика үчүн маанилүү долбоорлордун мындан ары да илгерилешине үмүтүн билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
