Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда башталган окуу-машыгуу жыйыны 20-октябрда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
– 48 кг Ясур Таалайбек уулу;
– 51 кг Зафарбек Камилов, Момуналы Ыбрайманкулов;
– 54 кг Амантур Жумаев, Руслан Жусупов;
– 57 кг Нурболот Султанов;
– 60 кг Диербек Садиров, Алихан Майрамбеков;
– 63,5 кг Ооматбек Беленбаев, Султанмурат Бөрүбаев;
– 67 кг Рамазан Кадыров;
– 75 кг Рамазан Рахманбердиев, Рамазан Исаев;
– 80 кг Азиз Мухаммад Закиров;
– 86 кг Азим Чойбеков;
– 92 кг Тыныстан Алыбеков;
– +92 кг Мырзакир Кошалиев.
– Бейшен Сабатаров жана Улан Төлөнбай уулу машыктыруучулар.
– Бейшен Сабатаров жана Улан Төлөнбай уулу машыктыруучулар.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин 2024-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
