КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди - ИА Караван Инфо
КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 25-октябрындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2023-жылдын 25-октябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө каршы келет, ошону менен кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, ишти жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун чектейт деп тааныган.

Ошондуктан бул Мыйзамдын максаты кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун кеңейтип, тактоо болуп саналат.

Ошону менен бирге Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу сот адилеттигиндеги каталарды оңдоого багытталып, ал өз кезегинде сот системасынын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылат жана калктын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө жана ошого жараша мыйзамды урматтоого өбөлгө түзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: