Кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт
Бишкекте 7-ноябрда Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Чемпионат Кара-Жыгач сейил багында өтөт.
Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашат:
Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы, “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
