Астана, 2026-жылдын 6-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. "Казакстан темир жолу" Улуттук компаниясы" АК казакстандык минералдык жер семирткичтерди Экибастуздан Улуу Британияга жеткирүү боюнча биринчи мультимодалдык маршрутту ишке киргизди. Жүк ташуу Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча темир жол жана деңиз транспорту аркылуу жүргүзүлөт.

Жүк Казакстан, Каспий деңизи, Азербайжан жана Грузия аркылуу өтүп, андан кийин Поти жана Батуми порттору аркылуу Улуу Британиянын Феликстоу портуна жөнөтүлөт.
«Жаңы маршрут ата мекендик компаниялардын Улуу Британия рыногуна продукция жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эл аралык логистикалык чынжырлардын туруктуулугун жогорулатты», – деп билдирди «Казакстан темир жолу» Улуттук компаниясы».
Компания Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү жеткирүү убактысын кыскартууга жана экспорттук жүктөрдү диверсификациялоого мүмкүндүк берерин белгиледи. KTZ мурда Экибастуз-Майами каттамы боюнча казакстандык продукцияларды ташууларды уюштуруп келген жана учурда АКШга, Улуу Британияга, Бельгияга, Польшага, Чехияга жана башка өлкөлөргө жүк ташууларды камсыз кылат.
Сүрөт: «Казакстан Темир Жолы» УК» АК
