КТЖ: 18-декабрдан баштап Бишкек-Москва поезд каттамы жанданат - ИА Караван Инфо
КТЖ: 18-декабрдан баштап Бишкек-Москва поезд каттамы жанданат

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 18-декабрынан баштап Бишкек-Москва жүргүнчүлөрдү ташый турган поезд каттамы жанданарын эске салат. Каттам Москва шаарынын Павелецкий вокзалына келет.

Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, ишемби жана шейшемби күндөрү Москвага келет.

Москвадан жекшемби жана шаршемби күндөрү каттайт.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерге билеттердин баасы «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кассаларында, поезд жөнөгөнгө чейин билеттерди сатуу мөөнөтүнө, жүргүнчүнүн жашына, вагондордун категориясына, каттоо түрүнө жана акча алмаштыруу курсуна байланыштуу болот:

Бишкек-Москва каттамы:

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 11 000 сомдон баштап;

• 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 5 200 сомдон баштап;

• 5 жашка чейинки балдарга бекер.

Бишкек-Казань каттамы:

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 10 000 сомдон баштап;

• 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 4 700 сомдон баштап;

• 5 жашка чейинки балдарга бекер.

Бишкек-Новосибирск каттамы:

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 8 000 сомдон баштап;

• 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 4 100 сомдон баштап;

• 5 жашка чейинки балдарга бекер.

Бул учурда:

1. 5 жашка чейинки бир баланы өзүнчө орун ээлебестен, бир чоң жүргүнчү бекер алып кетүүгө болот

2. Салмагы 36 кг акысыз кол жүгүн, үч жагынан өлчөмү 200 смден ашык эмес жана кошумча төлөм менен 14 кг жүк алып кетүүгө болот.

Кол жүгүнүн нормасынын салмагына жана өлчөмүнө демонтаждалган моторсуз велосипед жана аудио, видео аппаратура камтыйт.

3. Кол жүктүн белгиленген нормасынан ашыкча чогула турган балдар коляскасын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кыймылы үчүн зарыл болгон жабдуулар бекер ташылат.

4. Кол жүгүнүн салмагынын жана өлчөмүнүн нормасына ылайык атайын контейнерге салынган үй жаныбарларын (канаттууларды, иттерди, мышыктарды) бекер ташууга мүмкүн. Эгерде сиз купедеги бардык төрт орундун акысын төлөсөңүз (намордниги бар) экиден ашпаган чоң породадагы иттерди өзүнчө купеге алып кетүүгө уруксат берилет.

5. Баардык түрдөгү (класстагы) вагондордо көрүүсү начар (сокур жана начар көргөн) жүргүнчүлөргө жол көрсөтүүчү иттерди купедеги бардык орундарды сатып албастан бекер ташуу.

6. Билеттин баасына шейшептин топтому кирет.

7. Поезд жөнөгөнгө бир сутка калгандагы убакта, билеттин акчасын толук кайтаруу мүмкүнчүлүгү бар.

8. Поезд жөнөгөнгө чейин 24 сааттан азыраак убакта билеттин акчасын жарым-жартылай кайтаруу мүмкүнчүлүгү бар.

Толгураак маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго деш алышсыз, 24 саат бою кайрылсаңыз болот:

– мобилдик тел.: 0705 076696 WhatsApp

– стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 30-03-76

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: