Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору болуп кайра дайындалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кудайберди Кожобеков эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Эмгек жолунда декандын орун басары, Окуу-информациялык департаментинин директору, окуу иштери боюнча проректор кызматтарын аркалаган. 2017-жылдан 2019-жылга чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылдын 11-ноябрынан тартып Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.
Ректор катары эмгектенген беш жыл аралыгында окуу жайда эл аралык мамилелерди кеңейтип, өнөктөш чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен биргелешкен кош дипломдуу билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашырууга жетишти.
ОшМУ быйыл QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде “төрт жылдыздуу” университеттердин катарына кирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
