Куралдуу Күчтөрүндө комплекстүү жыйынтыктоочу текшерүү башталды - ИА Караван Инфо
Куралдуу Күчтөрүндө комплекстүү жыйынтыктоочу текшерүү башталды

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө комплекстүү жыйынтыктоочу текшерүү башталды. Бир нече күндүн ичинде аскер кызматчылар ар кандай дисциплиналар боюнча бир катар нормативдерди жана сынактарды тапшырышат.

Аскерлерде саптык текшерүүлөр өткөрүлүп, аскер кызматчыларынын сырткы келбети, документтеринин бар-жоктугу жана тууралыгы, ошондой эле жабдуулардын туура жабдылышы жана баштыктарынын толуктугу текшерилди.

Сынактын биринчи күнү контролдук сабактар менен аяктап, анда аскер кызматчыларынын жалпы аскердик уставдын негизги беренелери жана жоболору боюнча билими текшерилди.

2024-окуу жылындагы жыйынтыктоочу текшерүү Куралдуу Күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы үчүн сынактын бир түрү болуп саналат. Нормативдердин жана контролдук сабактардын жыйынтыгы бир жыл ичинде аскер кызматчыларынын канчалык деңгээлде билим жана шыктарга ээ болгонун көрсөтөт.

***************

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: