Куттуктайбыз! Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Бул кабар менен ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео жүктөдү.
“Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамдан таптым”, – деп жазган спортчу.
Айсулуу Тыныбекованын өмүрлүк жолдошу ким экендиги азырынча сыр бойдон калууда.
“Караван-Инфо” редакциясы жаштарга бакыт каалайт!
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
