Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди - ИА Караван Инфо
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу болуп саналат.

Алсак, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык:

– тергөөчүгө алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүү, алгачкы текшерүү органына аталган Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында сурак жүргүзүү укуктары берилди;

– эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: