Кыргыз футбол биримдигинде антидопинг боюнча семинар өттү
Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде 13-декабрда антидопинг боюнча семинар өттү. Бул тууралуу КФБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Премьер-Лиганын клубдарынын жана курама командалардын медициналык кызматкерлери катышты.
Семинар Улуттук антидопинг борборунун директору Нургүл Кермакунова жетекчилиги алдында орун алды.
Белгилей кетсек, семинар АФК жана ФИФАнын футболдук клубдарга койгон талаптарынын негизинде өткөрүлдү. Клубдар үчүн коюлган талаптардын негизинде дүйнөлүк футбол допингсиз таза футболду өнүктүрүүнү көздөйт.
Андыктан, антидопинг боюнча семинарларды өткөрүү клубдун лицензиялоодогу негизги критерийлердин бири болуп саналат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
