Кыргыз Республикасынын биринчи башчысы Акаев Кыргызстанга экс-президент статусунда кайтып келүүнү каалайт – ИА Караван Инфо
Кыргыз Республикасынын биринчи башчысы Акаев Кыргызстанга экс-президент статусунда кайтып келүүнү каалайт

Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаев экс-президенттин статусун калыбына келтирүү өтүнүчү менен парламентке кайрылды.

Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин жетекчиси Чолпон Султанбекова маалыматты тастыктап, тиешелүү кат 30-июлда Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Торага биздин комитетке жооп берди, бирок процесс анчалык тез эмес. Бардык фракциялар жана депутаттар менен консультациялар өткөрүлөт. Эгер орундуу болуп калса, маселе күн тартибине коюлуп, тиешелүү чечим кабыл алынат», – деди Султанбекова.

Акаев 2005-жылы март айында бийликтен кулатылган. 2021-жылы ал Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке биринчи жолу келген.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Акаев буга чейинки кетирген катачылыктарын толук актаганын айтып, Башкы прокуратура ага карата козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген. Акаев дагы пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга кайтып келүү каалоосун билдирди.

Учурда Москвада жашап, Москва мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштейт, ал жактагы системалык математика институтунда лекция окуйт.

Акаев көптөгөн сыйлыктардын жана наамдардын, анын ичинде Нью-Йорк Илимдер академиясынын мүчөсү жана Москва мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Эми экс-президент деген макамга Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева гана ээ. Бирок алар бул макамдан да ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, экс-президенттер өмүр бою кол тийбестик, мамлекеттик коопсуздук, медициналык тейлөө, айлык акы, мамлекеттик дачалардын бирине жана башка көптөгөн нерселерге ээ болушат. Мунун баары мамлекеттин эсебинен.

Сүрөт: Альфараби университетинин басма сөз кызматы

error: