Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди
Кыргызстан менен Тажикстандын чекктешкен аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 (Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
