Кыргыз-тажик чек арасынын талаш болуп келген жерлерин теңме-тең бөлүштүк — Садыр Жапаров - ИА Караван Инфо
Кыргыз-тажик чек арасынын талаш болуп келген жерлерин теңме-тең бөлүштүк — Садыр Жапаров

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын илгертен талаш болуп келген жерлери теңме-тең бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген.

Президенттин айтымына караганда, өлкөлөр ортосундагы чек ара маселеси эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди.

“Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат”, – деди мамлекет башчысы. 

Садыр Жапаров эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшарын кошумчалады.

“Андан кийин Парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коебуз. Ошону менен бүтөт. Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт. Башка коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактап бүткөнбүз. Башка Орто Азия өлкөлөрү да бири-бири менен делимитация маселесин бүтүшкөн”, – деп кошумчалады ал. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/