Кыргызстан боюнча 42 миңден ашуун ипотекалык батир салынууда - ИА Караван Инфо
Кыргызстан боюнча 42 миңден ашуун ипотекалык батир салынууда

Жалпы Кыргызстан боюнча азыркы тапта 42 316 ипотекалык батир салынып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна “мезгил кутусун” салуу иш-чарасында билдирди. 

Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө ипотекалык батир алуу үчүн Бишкекте 22 миң 573 адам кезекте турган болсо, региондордо 15 400 адам турат. 

“Жалпы республика боюнча азыркы тапта 42 316 батир салынып жатат. Борбор калаага эле кезекке турбай, региондорго да турууга өзгөчө көңүл бурулду. Келээрки жылдан баштап облустарга, райондорго, кичи шаарларга үйлөр курула баштайт”, – деди президент. 

Мамлекет башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн 2028-жылдарга чейин өлкө боюнча бардык муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу максаты коюлганына бурду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: