Кыргызстан Иракка эл аралык жүк ташуучуларга бир жылдык көп жолку айдоочулук виза берүүнү сунуштады. Бул маселе Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинде талкууланды.

Министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев Ирактын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жабер Аль-Темими менен жолугушту.
Учурда кыргыз жарандары Ирак визаларын Астанадан алышат. Транспорт министрлиги процедуранын татаалдыгын жана визалар бир гана жолу кирүү үчүн берилээрин белгиледи.
Буга байланыштуу, кыргыз тарап эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочулар үчүн жылдык көп жолку визаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Ирактын ортосундагы жол байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
Учурда эки өлкөнүн ортосунда эл аралык автомобиль ташууларын жөнгө салуучу өзүнчө келишим жок. Кыргызстан мындай документтин долбоорун даярдап, аны Ирак тарапка карап чыгуу үчүн тапшырды.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Ирактын ортосундагы транспорттук каттамдарды Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу өнүктүрүү каралууда.
Тараптар кызматташууну күчөтүү жана эл аралык жүк ташууларды көбөйтүү боюнча практикалык чараларды иштеп чыгуу жөнүндө макулдашышты.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги
