2023-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын 94% импорттун эсебинен камсыздалган. 2019-жылга салыштырмалуу аны казып алуу 3 млн. куб. метрге же 12,3% көбөйдү жана 27,4 млн. куб. метрди түзгөн. Бул тууралуу Статистикалык комитет билдирет.
Отун катары түздөн-түз керектөөгө 294,7 млн. куб. метр же газдын 63,2%, энергиянын башка түрлөрүнө айландырууга- 143,7 млн. куб. метр же газдын 31% сарпталды.
2023-жылы 13,8 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 2021-жылга салыштырмалуу электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 1,3%, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 8,4% азайган. Анын көлөмүнүн 87% жакыны ГЭСтерде өндүрүлөт. 2023-жылы 17,2 млрд кВт/саат электр энергиясы керектелген. Республиканын чегинен тышкары 138,4 млн. кВт/саат электр энергиясы берилген (экспорттолгон).
2023-жылы жылуулук энергиясын өндүрүүнүн көлөмү 2,9 млн. гигакалорияны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6% аз, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 2,5% көп. Жылуулук энергиясынын бардык көлөмү республиканын ички рыногуна жөнөтүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
