Бишкек, 2026-жылдын 25-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүү келечегин талкуулап, өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы Ачык асман келишиминин долбоору болду. Катышуучулар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн жана авиация тармагын өнүктүрүү боюнча андан аркы кадамдарды талкуулашты.
Ошондой эле, тараптар Boeing менен өз ара аракеттенүү маселелерин жана Кыргызстандагы жарандык авиацияны модернизациялоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
АКШнын Транспорттук коопсуздук башкармалыгынын (TSA) аудитине даярдык көрүүгө, ошондой эле жүк ташуучу авиакомпаниялардын каттамдарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Агенттик авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын транспорттук жана логистикалык потенциалын кеңейтүүгө жана эл аралык өнөктөштөр менен байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Сүрөт: Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги
