Кыргызстан менен Азербайдан маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулады - ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Азербайдан маданият тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов бүгүн Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуу учурунда тараптар маданият жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Айрыкча, маданий алмашууну өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жалпы тарыхый-маданий мурастарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Алтынбек Максутов Кыргызстан менен Азербайжандын маданий байланышын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, искусство менен маданият эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнүн күчтүү каражаты экенин баса белгиледи.

Жолугушуудан кийин Азербайжандын маданият министринин орун басары Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине барды. Конокко Кыргызстандын бай маданий жана тарыхый мурасын чагылдырган уникалдуу экспонаттар көрсөтүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: