Бишкек, 2026-жылдын 11-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. 10-сентябрда Астанада Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин 3-жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Кыргыз тараптан келишимге Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, полициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, ал эми Азербайжан тараптан Азербайжан Республикасынын ички иштер министри, генерал-полковник Вилаят Сулейман оглу Эйвазов кол коюшту.
Макулдашуу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде маалымат жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле кылмыштардын алдын алуу жана ачуу боюнча кызматташууга багытталган.
Документке кол коюу Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
