Бишкек, 2026-жылдын 4-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. 3-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри жана БУУнун Европа туризм комиссиясынын президенти Симонида Кордич менен жолугушту.

Тараптар туризм жаатындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Атап айтканда, талкуу өз ара туристтик агымын көбөйтүүгө, эки өлкөнүн туристтик потенциалын жайылтууга, түз аба каттамдарын өнүктүрүүгө жана жарандардын өз ара саякаттоо шарттарын жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.
Медер Абакиров акыркы жылдары Кыргызстандын туризм тармагы динамикалуу өнүгүп жатканын жана чет элдик саякатчыларды тартуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.
Ошондой эле, ал өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири туристтик долбоорлор, анын ичинде Ысык-Көлдөгү "Ала-Тоо курорту" көп функциялуу комплексинин курулушу тууралуу айтып берди.
Симонида Кордич Черногориянын Кыргызстан менен туризм байланыштарын чыңдоого жана бул жааттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле, тараптар эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде маданий чөйрөдө өнүктүрүү жана эл аралык платформаларда кызматташуу үчүн биргелешип иштөөнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
