Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун талкуулашты - ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен «Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү 2024» Улуттук өнүктүрүү форумунун алкагында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы учурдагы эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча стратегиялык долбоорду алга жылдыруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды талкуулашты.

Тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/