Бишкек, 2026-жылдын 16-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хирано Рюичи мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова жана Япониянын дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрү музей жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Жолугушууга ошондой эле Жапония элчилигинин экинчи катчысы мырза Танимото Тацуя жана үчүнчү катчы мырза Тойода Хирото катышты.
Тараптар тарыхый жана маданий мурастарды сактоо, реставрациялоо жана жайылтуу жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен көргөзмө жана маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыгын символдоштурган салттуу эстелик белектер алмашуу болду.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги
