Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев Катардын Соода өнөр-жай палаталарынын башкаруу Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Мухаммед бин Ахмед Тувар Аль-Куварий менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу 31-октябрда Доха шаарында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар соода экономикалык кызматташтыгын бекемдөөнүн жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосундагы мамилелерди түзүүнүн келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, тараптар жакынкы мезгилде Доха шаарында Кыргыз-Катар биргелешкен бизнес-форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун соңунда тараптар, сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн, ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
