Бишкек, 2026-жылдын 8-июну – Караван Инфо маалымат агенттиги. 2026-жылдын 8-июнунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбостун жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кипр мамилелеринин азыркы абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуудан кийин Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө келишимге кол коюу аземи өттү.
Документтин негизги максаты – эки өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин кирешелерине кош салык салууну жоюу, бул экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тийиш.
Өкмөт мындай келишимдер кыргыз экономикасына чет элдик түз инвестицияларды тартуунун негизги инструменттеринин бири экенин белгилейт.
Ошондой эле, документ эки өлкөнүн жашоочуларын басмырлоочу салык салуудан коргоого, салыктык кыянаттыктын алдын алууга жана эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.
Сүрөт: Экономика жана соода министрлиги
