БИШКЕК, 2026-жылдын 21-майы – Karavan Info маалымат агенттиги. Бүгүн, 2026-жылдын 21-майында, Сеулда Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйыны өттү.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары талкууланды.
Тараптар Кыргыз Республикасында инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду, гранттык жана техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу, бизнес-форумдарды жана бизнес-миссияларды түзүү, ошондой эле жашыл экономика, өнөр жай, энергетика, туризм, маданият жана спорт тармактарында кызматташуу аркылуу соода-экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, инновациялар, маданият, эмгек миграциясы, айыл чарбасы ж.б. тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
