Бишкек, 2026-жылдын 17-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. 17-августта Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Сеул искусство жана маданият фондунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана Сеул искусство жана маданият фондунун башкы директору катышты.
Тараптар Кыргызстан менен Кореянын маданият жана искусство жаатындагы кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.
Мурда ишке ашырылган биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары жалпыланып, топтолгон тажрыйба, учурдагы долбоорлордун жүрүшү жана алдыдагы иш-чаралар боюнча пикир алмашуу болду.
Жаңы чыгармачыл демилгелерди колдоого, заманбап театр искусствосун өнүктүрүүгө, чыгармачыл топтордун ортосундагы алмашууларды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган "Театр алдыга умтулууда" аттуу атайын театр программасынын мааниси белгиленди. Бул программа эл аралык маданий алмашуунун алкагында Сеул искусство жана маданият фонду менен кызматташуунун маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды андан ары чыңдоого, биргелешкен долбоорлорду улантууга жана жаңы чыгармачыл демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги
