Бишкек, 2026-жылдын 30-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Демчиг Тегшжаргал менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташууну андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Артыкчылыктуу багыттар катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана чара көрүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумду практикалык жактан ишке ашырууну улантуу, мониторинг жана эскертүү жаатында маалымат жана заманбап технологиялар менен алмашуу, адистерди квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен окутуу иш-чараларын жана өз ара сапарларды уюштуруу кирет.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Монголиянын өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын ортосундагы мындан аркы конструктивдүү кызматташууга жана практикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
