Кыргызстан менен Пакистан бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту - ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Пакистан бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

Бишкек, 2026-жылдын 2-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 2-сентябрда, саясий, соода-экономикалык, укук коргоо жана гуманитардык тармактарда кыргыз-пакистан кызматташтыгын андан ары чыңдоого багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шехбаз Шарифтин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.

Андан кийин төмөнкү документтерди алмашуу аземи болуп өттү:

– Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы экстрадициялоо жөнүндө келишим;

– Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы транзиттик соода жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга карата кызматташуу программасы;

– Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү координациялоо министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Федералдык билим берүү жана кесиптик даярдоо министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттик менен Пакистан Ислам Республикасынын Виртуалдык активдерди жөнгө салуу органынын ортосундагы виртуалдык активдер жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө келишим;

– Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Пакистандын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңешинин ортосундагы медициналык билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн Ички иштер жана баңгизаттарды көзөмөлдөө министрлигинин ортосундагы баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, алардын химиялык прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана ага байланыштуу маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук коргонуу университетинин ортосундагы илимий изилдөөлөр жана кызматташуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишим;

– "Кыргыз почтасы" жана "Пакистан почтасы" ортосунда почта кызматтары жана электрондук коммерция жаатында өз ара пайдалуу кызматташуу жөнүндө эки тараптуу ниет келишими.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы