Үстүбүздөгү жылдын 14нөн 27-ноябрына чейин Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Индиядагы элчилиги 43-жыл сайын өтүүчү Эл аралык «India International Trade Fair» соода жарманкесине катышууда. Көргөзмөнүн расмий ачылыш аземи 14-ноябрда Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоялдын катышуусунда өттү.
Көргөзмөгө Кыргыз Республикасы «Арсланбоб» брендиндеги ак бал жана кургатылган жемиштер түрүндө ата мекендик продукцияларды тартуулоодо.
Келүүчүлөргө ошондой эле, кийизден колго жасалган сувенир-буюмдар да тартууланып жатат.
Иш-чарада Индиянын штаттары жана компаниялары, Түштүк Корея, Иран, Таиланд, Афганистан, Ливан жана башка чет өлкөлөр да өз продукцияларын жана буюмдарын көргөзүүдө.
«India International Trade Fair» көргөзмөсүнүн быйылкы жылдагы партнёрлору Джаркханд, Бихар жана Уттар-Прадеш штаттары болуп, алар экономиканын ар турдуу секторлорунда, анын ичинде өнөр жай, агроөнөр жай комплекси жана маданият тармактарында жетишкендиктерди көрсөтүп жатат.
Көргөзмө соода өнөктөштүгүн өнүктүрүү, алдыңкы инновацияларды изилдөө жана катышуучу өлкөлөрдүн маданий мурастары менен таанышуу үчүн уникалдуу аянтча катары кызмат кылат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
