Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу Беларусь Республикасынын Өкмөт үйүндө өткөн.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.
Жыйындын күн тартибине Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорт тармактарында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара байланыш маселелери киргизилген.
Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-беларус өз ара кызматташуусунун келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
