Бишкекте КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин жана Камбоджа Королдугунун Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигининин Мамлекеттик катчысынын орун басары Сом Визалдын деңгээлинде Кыргыз Республикасынын жана Камбоджа Королдугунун тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы экинчи саясий консультациялар болуп өттү.
Консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү. Келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери каралып, актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө жемиштүү кызматташтыкты арттырууга даярдыгын көрсөтүштү.
Маалымат үчүн: эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий консультациялар 2019-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
