Кыргызстандын элчиси Авазбек Атаханов 11-ноябрда Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун департаментинин башкы директору Айзаз Хан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар кыргыз-пакистан мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Элчи Авазбек Атаханов пакистан тарабына Кыргыз Республикасынын “Тоо шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тобу” демилгесине кошулгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык аспектилерде, өзгөчө соода, билим берүү жана илим, маданият жана туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана диверсификациялоого даяр экендигин белгиледи.
1995-жылдын 9-мартында Исламабадда Пакистан, Кытай, Казакстан жана Кыргызстан тарабынан кол коюлган транзиттик транспорт боюнча төрт тараптуу келишимди иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча мүмкүн болуучу чаралар өз-өзүнчө талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты олуттуу жогорулатуунун артыкчылыктуулугун баса белгилеп, Тышкы иштер министрликтер аралык кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү мөөнөтүн жана кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынын талкуулашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
