Кыргызстан жана Россия парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтет - ИА Караван Инфо
Кыргызстан жана Россия парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тараптар кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн парламенттеринин алдыда боло турган иш-чаралары боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына көңүл буруп, кыргыз-орус эки тараптуу алакаларындагы актуалдуу маселелерди чечүүдө, ошондой эле маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда парламенттердин ролун күчөтүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да арттыруу үчүн туруктуу байланыштарды улантууну макулдашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: