Кыргызстан жана Сауд Аравия саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулады - ИА Караван Инфо
Кыргызстан жана Сауд Аравия саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахд бин Абдулрахман Аль-Жалажил менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Тараптардын жолугушуусу 3-ноябрда Эр-Рияд шаарында өткөн.

Анда Ар түрдүү тармактарда кыргыз-сауд мамилелеринин жогорку деңгээлин жана өсүп жаткан динамикасын канааттануу менен белгилеп, тараптар саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда алардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшүүчү тиешелүү меморандумду түзүүгө, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана саламаттыкты сактоо тармагында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында тараптар дайыма байланышта болуп, эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого макулдашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: