Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочулар күйүүчү майдын ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөйт - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 1-январдан тарта айдоочулар күйүүчү майдын ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөйт

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана жалпы жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу боюнча милдеттерди андан ары ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат. 

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди, ага ылайык автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар каралат. Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензин жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъекттер саналат.

Бул жыйымдар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жол фондуна түшөт жана автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого гана пайдаланылат.

Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: