Кыргызстанда 2024-жылы көмүр өндүрүү 10,6%га өскөн - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 2024-жылы көмүр өндүрүү 10,6%га өскөн

Улутстатком иштеп чыккан отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча 2023-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстун көлөмү 18,1 млн. тонна шарттуу отунду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,6%  көбөйдү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 10% көбөйдү.

Отун-энергетикалык баланстын жыйынтыгы боюнча республиканын ички рыногундагы отун-энергетикалык ресурстардын жалпы көлөмүнөн жалпысынан 14,1 млн.тонна шарттуу отун керектелди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,2% көп.

2023-жылы көмүр казып алуунун көлөмү 4,2 млн. тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,6%, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көп. Негизинен көмүр ички рынокто колдонулат, ал эми анын жалпы керектөө көлөмүндөгү үлүшү 43,8%  түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: