Кыргызстанда 415 ири жана орто ишкана катталган - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 415 ири жана орто ишкана катталган

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында азыркы учурда иштеп жаткан 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталган. 

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, алардын ичинде облустар боюнча:

Ошондой эле, тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алар:

Белгилей кетсек, республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 19,9 % ды түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 53139,2 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары текст боюнча ФКИ) – 120,1 % түздү.

Ал эми 2024-жылдын 30-ноябрына карата ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана (же) сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде: 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: