Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады, деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 599,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 2,5%га көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 2,2 млн. тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 29,2%га көп. Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 36 га жакын центнерди түздү, бул былтыркыдан 7,4 центнерге жогору.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда арпанын дүң жыйымы – 60,3%, буудай – 50,9%, кант кызылчасы – 40,4%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 26,3%, бакча өсүмдүктөрү – 19,1% өскөн. Өндүрүштүн өсүшү арпанын гектарына – 9,4 центнерге, буудайдын – 9,0 центнерге, кант кызылчасынын – 180,6 жана бакча өсүмдүктөрүнүн – 18,6 центнерге түшүмдүүлүгүнүн жогорулашынан улам камсыздалды.

Муну менен катар, өткөн жылга салыштырмалуу тамекинин – 33,3%, пахтанын – 26,8 %, картошканын – 7,5%га дүң жыйымы азайган. Дүң түшүмдүн азайышы 2024 – жылдын түшүмү үчүн айдоо аянттарынын тамеки – 42,0%, пахта – 26,9%, картошка – 8,4%га төмөндөшү менен шартталган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: