Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын аягына чейин узартылды
Кыргызстанда активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2024-жылдын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, 2023-жылдын 1-январына карата сатылып алынган активдер боюнча салык, бажы жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөйсүз.
Бирок, эгерде легалдаштырылган активдердин наркы 100 млн сомдон ашса, анда декларациялык төлөм 1 000 000 сомду түзөт.
“Мамлекет сиздин легалдаштырылган активдериңиздин сакталышына кепилдик берет. Жеке адамдын мүлкү жөнүндө атайын декларацияны мамлекеттик жана жеке нотариус күбөлөндүрө алат”, – деп айтылат маалыматта.