Кыргызстанда БУУнун чокусу жана 4 жаңы айыл пайда болот - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда БУУнун чокусу жана 4 жаңы айыл пайда болот

Бүгүн, 24-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Баткен жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. 

Жыйында баяндама жасаган комитет төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасын Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Тогуз-Булак айыл аймагынын Бозогул, Чуй облусунун Аламүдүн районунун Байтик-Баатыр айыл аймагынын Иманалы Айдарбеков, Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын Боз-Бармак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү максатында иштелип чыккан.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Баткен жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө», «Тянь-Шандын Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан 5576 метр бийиктиктеги аты жок тоо чокусуна «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда жактырылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: