Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо аяктоодо - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо аяктоодо

Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо аяктоодо, деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 564,6 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 3,5 пайызга көп. Мында чабылган аянт 94 пайызды түздү.

Алгачкы кабыл алынган салмакта 1,8 миллион тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу 37,5 пайызга көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда арпанын – 67,5 пайызга, буудайдын- 52,7 пайызга, мөмө – жемиш өсүмдүктөрүнүн -29,1 пайызга жана бакча өсүмдүктөрүнүн -17,2 пайызга, май өсүмдүктөрүнүн -16,2 пайызга  дүң жыйымы бир кыйла өстү.

Муну менен катар пахтанын – 25,9 пайызга, тамекинин – 21,9 пайызга, картошканын- 1,3 пайызга, күрүчтүн – 1,4 пайызга дүң жыйымы азайган.

Дүң түшүмдүн азайышы былтыркыга салыштырмалуу 2024-жылдын түшүмү үчүн айдоо аянтынын: тамеки аянты – 42 пайызга, пахта аянты – 26,9 пайызга, картошка аянты – 8,4 пайызга кыскарганына байланыштуу.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: