2023 – жылы академияда илимий ишмердикти 1 222 адам ишке ашырып, алардын ичинен 131 илимдин докторлору жана 255 адам илимдин кандидаттары болушкан. Кызматкерлердин жалпы санынын 54% аялдар түздү.
Илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2023-жылы 926 млн.сомду түздү жана 2019-жылга салыштырмалуу 48% өскөн.
2023–жылы республикада 69 илимий уюм, анын ичинен жогорку билим берүү секторунун үлүшүнө 35% жана академиялык сектор уюмуна 33% туура келди.
2023-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө, алардын эң көп саны (64% жакын) академиялык сектордун уюмдарына туура келди.
2023-жылы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 8 миңге ашык адамды түзгөн.
Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 75% жакынын изилдөөчү-адистер түзөт, алардын 38% илимдин докторлору жана кандидаттары. Мында алардын гендердик катышы жалпысынан 62% жакынын түзүү менен аялдардын пайдасына түзүлөт.
Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.
Аспиранттардын саны 2023-жылы 2,5 миң адамды түздү, алардын эң чоң үлүшү илимдин медициналык (21%), педагогикалык (17%), экономикалык (10%) жана юридикалык (8%) тармагына туура келди. Докторанттардын саны 457 адам. Аспиранттардын жалпы санындагы аялдардын үлүшү 62% жакынды, ал эми докторантт аялдардын үлүшү алардын жалпы санынын 54% түздү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/