Кыргызстанда ишкерлер шашылыш колдоо долбоорунун алкагында 7,7 млрд сом насыя алды - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда ишкерлер шашылыш колдоо долбоорунун алкагында 7,7 млрд сом насыя алды

Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында Кыргызстанда 10 миң 750 ишкерге 7 млрд 789 млн 606 миң 916 сомго пайызсыз кредит каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 9 миң 206 ишкерге 5 млрд 380 млн 660 миң 916 сом каржыланды.

2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1 544 ишкер насыя алган. Жалпы сумма 2 млрд 409 млн 946 миң сомду түзгөн. 

Белгилей кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: