Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагынан (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) көмүрдү автомобиль транспорту менен Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспортоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Документке ылайык, “Эркеч-Там – автожолу” жана “Торугарт – автожолу” автомобилдик өткөрүү пункттары каралган эмес
Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) ташып чыгууда (экспорттоодо) Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт.
Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом кабыл алынган датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги кабарлоо тапшырмасы коюлган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
