БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 28-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. 2026-жылдын 27-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар өз сөздөрүндө маданият күндөрү кыргыз-өзбек достугун андан ары чыңдоого, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы чыгармачыл байланыштарды өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоорун белгилешти.
Иш-чарага эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл топтор, Ысык-Көл облусунун тургундары жана аймактын коноктору да катышты.
Концерттик программада белгилүү өзбек артисттери — Өзбекстан Республикасынын Эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү өнөр көрсөтүштү.
Көрүүчүлөр "Навбахор" жана "Шишик" бий ансамблдеринин жандуу өнөрлөрүнөн, ошондой эле Өзбекстандын Мамлекеттик симфониялык оркестринин концертинен ырахат алышты. Анда эки бир тууган элдин ортосундагы маданий жакындыкты жана кылымдар бою сакталып келген достукту даңазалаган чыгармалар аткарылды.
Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, чыгармачыл байланыштарды кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн бай маданий мурасы менен өз ара таанышууга багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.
Маданият күндөрүнүн программасы 28-июлда Бостери айылындагы Дордой көчмөндөр аренасында гала-концерт менен аяктайт.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги
